Бүгүн 2022-жылдын 15-февраль күнү БатМУда Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Баткен мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Абдималик Амирович Машрабовдун 65 жылдык мааракесине арналган “АБДИМАЛИК МАШРАБОВ ЖАНА УЧУРДАГЫ ИЛИМ-БИЛИМДИН ӨЗӨКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция келген коноктордун катышуусунда белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүлчамбарларды коюу менен башталды. Андан соң, катышуучулар Баткен мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Абдималик Амирович Машрабовдун өмүр жолу, эмгек жана илимий ишмердүүлүгүнө арналган көргөзмөсү менен таанышты. Иш-чараны БатМУ СГЭИнин директору А.К.Камбаров ачып, максатына токтолуу менен кадырлуу конокторду тааныштырып өттү. Андан соң, БатМУнун ректору, э.и.д, профессор А.Т.Гыязов куттуктоо сөз сүйлөп, А.А.Машрабовдун алыскы аймактагы илим-билимдин өнүгүшү үчүн жасаган эмгеги зор экендигин айтуу менен анын өмүр жолу, эмгектери келечек муундар үчүн багыт боло тургандыгын белгиледи. Конференция онлайн жана офлайн тартипте өтүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Россия, Казахстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын булуң-бурчунан жалпысынан 300гө жакын окумуштуулар катышты. Иш-чаранын соңунда, Абдималик Амирович Машрабов атындагы музейдин ачылышы болду. Музейдин ачылышына кеткен каражат БатМУнун эсебинен каржыланды.