Кымбаттуу, Мекен сакчылары! Урматтуу, БатМУнун окутуучу агайлары, студент жигиттери! Сиздерди 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Ата-бабаларыбыз кылымдар бою асман тиреген Ала-Тоону, көгүлтүр Ысык-Көлдү, бейиштей болгон Кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап, бизге мурас катары калтырып кеткен. Мекенди коргоп, аны урпактарга өткөрүп берүү жаатында далай баатырларыбыздын эрдиктери аликүнчө аңыз болуп айтылып келет. Бүгүнкү күндө да Манас атабыз баш болгон баатырлардай элди, жерди коргогон эр-азаматтар арбын. Мындай азаматтарыбыз барында Мекенибиздин чеги бек, малыбыз түгөл, түн уйкубуз тынч болоруна ишенебиз. Тайманбас, эр жүрөк адамдардын майрамы болгон бүгүнкү күндө сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк амандык, бакубат жашоо каалаймын! Сиздердин терең урматтап, БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов