Бүгүн, 2021-жылдын жыйынтыгы менен Баткен облустук Медиа борборунун алдындагы “Баткен таңы” гезитинин тандоосунда аныкталган “Жылдын мыктылары” сыйланды. Алардын катарында БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов “Жылдын мыкты жетекчиси” аталса, БатМУнун студенти, Президенттин стипендиясынын ээси Чачыкей Мурзабек кызы “Жылдын мыкты студенти” деп табылды. Урматтуу, сыйлык ээлери! Бул сыйлык сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасы. Сыйлык сиздердики, ал эми сыймык окуу жайдыкы! Баткен мамлекеттик университетинде ийгиликтер, жетишкендиктер көп болсун! Сыйлыгыңыздар кут болсун!