Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде Баткен районундагы мектептердин бүтүрүүчү класстары үчүн “Ачык эшик күнү” болуп, ага Баткен райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов баштаган райондук мектептерден 500гө жакын окуучу жана аларды жетектеп келген мугалимдер катышты.

Иш-чара алгач, БатМУнун материалдык-техникалык базасын тааныштыруу менен башталып, жалпы жыйындар залында уланды.

Кечеде алгач, БатМУнун тарыхын, жетишкендиктерин, артыкчылыктарын чагылдырган видеоролик көрсөтүлүп, андан соң БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязов кечени ачуу менен учурда ар бир инсан татыктуу жогорку билимдүү болуусу замандын талабы экендигин, андай билимди берүүдө Баткен мамлекеттик университетинде бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

Иш-чара БатМУнун профессордук-окутуучулары тарабынан катышуучулар үчүн кесипке багыттоо темасын камтыган семинар-сабактар менен уланып, соңунда БатМУнун “Айгүл-Тоо маданий музей комплексине” саякат уюштурулду.