Бүгүн 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө карата Баткен мамлекеттик университетинде атайын иштелип чыккан иш-чаралардын негизинде, Тууну даңазалаган видеороликтер тартылып, БатМУнун башкы мекемесинин жана Көп тармактуу колледжинин окутуучулары жана студенттеринин катышуусунда жүрүш жасалды. Мындан сырткары БатМУнун окутуучулары С.Бактиярова, А.О.Шерова, А.А.Шадимуратовалар тарабынан тегерек стол уюштурулуп, студенттерге лекция өтүлдү. Иш-чарага активдүү катышкан студенттерге окутуучулар тарабынан белектер берилди. Туубуз ар дайым желбиреп турсун!