Бишкек шаарында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында уюштурулган “Универсиада – 2022” спорттук мелдешинде спорттун дзюдо түрү боюнча БатМУнун балбан кыздары 1 алтын, 2 күмүш, 4 коло медаль утушту. 1-лигада 18 команданын ичинен жалпы 7 медалга ээ болуу менен Баткен мамлекеттик университети жалпы жыйынтыкта 3-орунду ээлеп, 10 миң сом акчалай сыйлык, диплом жана мыкты машыктыруучусу Дилдора Рахманова Ардак грамота менен сыйланды. Окуу жайыбыздын ийгиликтери арта берсин!