Бүгүн БатМУнун Кабыл алуу жана кесипке багыт берүү бөлүмүнүн башчысы э.и.к З.А.Осмонов баш болгон команда алдын ала түзүлгөн иш планга ылайык Баткен районундагы Актурпак айылынын Б. Нуралиев атындагы жана Актурпак орто мектептеринин ошондой эле Чоң-Кара айылындагы Токтогул, Зарташ айылындагы Ж. Байжигитов атындагы орто мектептеринин бүтүрүүчү класстары менен жолугушту. Жолугушууда Баткен мамлекеттик университети тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, окутуучулар тарабынан БатМУда түзүлгөн шарттар тууралуу айтылып, окуучуларды кесипке багыттоо боюнча лекциялар окулду. Жолугушууда окуучулар БатМУдагы адистиктер жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар ж.б.суроолоруна жоопторду ала алышты.