2022-жылдын 21-майында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “АЙМАКТЫК ЖОЖДОР АРАЛЫК IX ОЛИМПИАДА” болуп өттү.

Жалпысынан бул иш-чарага КРнын Түштүк аймагындагы 8 жогорку окуу жайдын студенттери катышып, олимпиаданын расмий ачылышында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов куттуктоо сөз сүйлөп, бул олимпиаданын тарыхына кайрылып, алгачкы олимпиада аталган университеттен башталганын айтып, экинчи айлампа старт алганын белгиледи.

Олимпиада студенттердин ынтымак-достугун бекемдөө менен айрыкча бүгүнкү күндөгү билим берүүдө жүргүзүлүп жаткан реформада өзгөчө орду бар иш-чара экендигин баса белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Ошондой эле профессор К.Ж.Усенов олимапиаданын сыйлуу коногу академик Б. М.Мурзаибраимовго Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” наамын тыпшырды.

Жалпы окуу жайлардын проректорлорунун катарында БатМУнун Илим, уюштуруу боюнча проректору, б.и.к., доцент А.А.Саматовага да куттуктоо сөзү берилди. Абиба Абдиламитовна уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен катышкан студенттерге ийгилик каалады.

КРнын Түштүк аймагындагы ЖОЖдор аралык олмпиаданын жыйынтыгында жалпы командалык эсепте Баткен мамлекеттик университети 3-орунду камсыз кылып, байгелүү орунга ээ болгон студенттерге дипломдор тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда олимпиаданы өткөрүү эстафетасы Ош мамлекеттик университетине өткөрүлүп берилди.