Баткен мамлекеттик университети КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы №670, 2015-жылдын 4-октябрындагы №525 токтомдоруна ылайык, Улуттук аттестациалык комиссия тарабынан бекитилген стандарттардын негизинде институционалдык аккредитациядан өтүп жатат.

Баткен мамлекеттик университенине “Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациалоо” боюнча көзкарандысыз агенттиктен келген комиссия алдын ала түзүлгөн эки күндүк программасына ылайык, алгач БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязовдун презентациясына көрсөтүлүп, андан соң окуу жайдын материалдык-техникалык базасын, анда жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин, студенттердин билим алуусу, окутуучулар жана кызматкерлердин иштөөсү үчүн түзүлгөн шарттарды карап чыгышты. Мындан сырткары студенттер, университеттин бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер, окутуучулар жана социалдык өнөктөштөр менен аңгемелешүү жүргүздү.

Аккредитациялоонун максаты билим берүү уюмунун ишинин институттук аккредитациялоонун стандарттарына жана критерийлерине, ошондой эле билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкештигин баалоо болуп саналат.