Баткен мамлекеттик университетинин Тышкы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору болуп, Элболдуев Жеңишбек Эшмаматович дайындалды.

Теишелүү буйрукка БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т. Гыязов ушул жылдын 14-июль күнү кол койду.

Кыскача өмүр баяны

Билими:

ОшМУнун теология факультетин 2011-жыл аяктаган;

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясы “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты боюнча магистратураны 2015-жыл бүтүргөн;

Түркия Республикасынын Нежмеддин Эрбакан унивеситетинин “Мамлекеттик башкаруу жана саясат таануу” багыты боюнча докторанты.

Иш тажрыйбасы:

2011-жылдын июнь айынан 2012-жылдын декабрь айына чейин Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинде адис-башкы адис;

2012-жылдын декабрынан 2013-жылдын сентябрына чейин КРнын Эмгек, миграция жана жаштар минстрлигинин Ош облустук башкармалыгында адис;

2012-жылдын декабрь айынан 2015-жылдын май айына чейин ОшМУнун жатаканалары боюнча координатору;

2015-жылдын май айынан баштап, 2019-жылдын октябрына чейин ОшМУнун “Ыйман” гимназиясынын директору.

Сыйлыктары:

ОшМУнун “Ардак громатасы” 2010-жыл;

Ош шаардык мэриясынын “Ардак громатасы” 2011-жыл;

КРнын ЭМЖМ Ош обл. Башкармалыгынын “Ардак громатасы” 2013-жыл;

ОшМУнун “Ардак громатасы” 2019-жыл;

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Ыраазычылык баракчасы» 2019-жыл;

ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун «Ыраазычылык баракчасы» 2019-жыл.