2022-жылдын 19-октябрь күнү БатМУнун делегациясы Түркия Республикасынын дин иштери боюнча министринин орун басары профессор Ибрахим Хилми Карслы менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, ушул күнгө чейинки биргеликте жасалган иштер жана мындан кийинки кадамдарды талкуулап, макулдашты.

Андан соң делегация Түркия улуттук китепканасына барып, 2миллиондон ашуун китеп фонду бар, түзүлгөн шарты, жасалгалоосу, окурмандарга болгон мамиле, санариптештирүү системасы боюнча таанышып, тажрыйба алмашты.

Профессордук курам Түркиянын мамлекет катары калыптанышында эмгеги бийик Мустафа Кемаль Ататүрктүн күмбөзүн зыярат кылып, тарых музейи менен таанышып, күндүн соңунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Өмүралиев Кубаныч Касымович менен жолугушуп, БатМУ жана Баткен үчүн жакынкы күндөрдө жакшы идеяларды чогуу ишке ашыруу жагын макулдашты.