2022-жылдын 21-октябрь күнү БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов баштаган профессордук-окутуучулар курамыТүркия Республикасынын Сакария шаарында болду.

Сакария шаарындагы Сакария университетинин ректорат мүчөлөрү менен жолугушуп, эки тараптуу протоколдун негизинде каралган пункттарга токтолду.

Анын негизинде анкета берген 5 студентибиздин мобилдүүлүк боюнча каржылык маселелери аныкталды, чечилди.

Мындан сырткары эки окуу жайдын тарыхчылары биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, Фергана өрөөнү боюнча жана Осмон империясынын Исламдагы орду боюнча, археологиялык иштерди жүргүзүү келишилди.

Сакария университетинин Технопаркында конокто болуп, ал жерде иш жүргүзүп жаткан 100дөн ашуун компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышып, БатМУнун базасында түзүлгөн Бизнес-инкубатордун жетекчисин бир айга тажрыйба алмашуу үчүн ноябрь айынан тартып жөнөтүүнү жана тамак-аш, жатакана, каржылоо жактары макулдашылды.