2022-жылдын 11-ноябрь күнү Бишкек шаарында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте И.Арабаев атындагы КМУ Эл аралык илим күнүнө карата “БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИЛИМИЙ ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕНДЕНЦИЯЛАР” аттуу кереге кеңеш уюштурулуп, ага КРнын МКнин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, КРнын Билим берүү жана илим министри У.Э.Мамбетакунов, КРнун УИА президенти, академик М.С.Жуматаев ж.б. бир катар мамлекеттик кызматкерлер, илмпоздор катышты.

Бул иш-чарага Баткен мамлекеттик университетинен Илим, уюштуруу иштери боюнча проректор, б.и.к., доцент А.А.Саматова катышты.

Мындан сырткары көргөзмө болуп, 20дан ашуун жогорку окуу жайлар катышып, БатМУдан көргөзмөгө абадан суу бөлүп алуучу жабдуунун модели, агроробот, алма терүүчү курал жана 3D долбоорлору презентацияланды.

Жогорудагы долбоорлор БатМУнун бизнес инкубаторунун президенти, окуу жайыбыздын студенти Айдарали уулу Эрнист тарабынан ишке ашырылып келет.

Аталган кереге кеңеште билим берүү тармагында жасалып жаткан бир катар ийгиликтүү иштер тууралуу маалымат берилип, анын келечеги, мындан ары өнүгүшү талкууланып, бир топ сунуш-пикирлер айтылды.