Бүгүн, Баткен мамлекеттик университетинде Жапониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Хидэки Года менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдун жолугушуусу өттү.

Иш чарага социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Базарбаев, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мамбетов, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан келген өкүлдөр жана облус калкы да катышты. Конокторду Баткен мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери жылуу тосуп алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жапон элчиси кыргыз-тажик чек арасында орун алган соңку окуяда жабыркаган жарандарга Жапония мамлекети тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатканын айтты. Ошондой эле азык-түлүк жана азык-түлүк эмес жардамды Жаныбек Исаковго расмий түрдө өткөрүп берди.