Баткен мамлекеттик университетинде «Негизги билим берүү программаларын жаңы стандартка ылайык иштеп чыгуу” темасында семинар өтүп жатат. Үч күндүк иш чарага БатМУнун ректору э.и.д., профессор Айдарбек Гыязов жетектеген окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн окутуучулары катышууда.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар ар бир профиль боюнча жаңы стандартка ылайык негизги билим берүү программасын иштеп чыгууда. Ошондой эле түзүлгөн жаңы НББП боюнча презентация жасап, аны талкууга коюшту.

Мындан сырткары, окуу планындагы өзгөртүүлөр боюнча пикир алмашып, анализ жүргүзүү менен бирге бирдиктүү чечимдер чыгарылып жатат.

Мындай аракет потенциалы жогору, атаандаштыкка жөндөмдүү жана эмгек рыногуна шайкеш келүүчү адистерди даярдоого өбөлгө болмокчу.