БатМУ КГПИнин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн 2-курстарынын студенттери кесиптик ишмердүүлүктөгү информациялык технологиялар дисциплинасы боюнча “Z муунга татыктуу, креативдүү мугалим болуу” деген аталыштагы таймашка катышышты. Сынакты КОБББнын колдонмо информатика жана табийгый илимдер секциясынын окутуучусу А.К.Исмайилова жана кафедра окутуучулары уюштурду. Сынак 9 шарттан туруп, студенттер информатика дисциплинасы боюнча алган билимдерин, логикалык ой жүгүртүүлөрүн, тапкычтытарын, информациялык технологияларды колдоно билүү жөндөмүн көрсөтө алышты.

Иш-чара окуу планына жаңыдан киргизилген кесиптик ишмердүүлүктөгү информациялык технологиялар дисциплинасында студенттер эмне окуп үйрөнгөнүн көрсөтүү жана жайылтуу, Z муундарын өнүктүрүүдө информациялык технологиянын ролу чоң экендигин далилдөө максатында уюштурулду.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар, дипломдор ыйгарылды.