Баткен мамлекеттик университетинде «Бош орундар жарманкеси» уюштурулду.Баткен мамлекеттик университетин бүтүрүп жаткан болочок юристтер, мугалимдер жана башталгыч класстарынын мугалимдери, финансы жана кредит адистиктери үчүн өткөрүлгөн иш-чарада мамлекеттик, муниципалдык, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, банктардын, кредиттик уюмдардын, сот, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, “Билайн”, “Мегаком”, “Нур телеком” байланыш түйүндөрүнүн өкүлдөрү, “ЖИА” Бизнес ассоциациясынын Баткендеги өкүлчүлүгү, калкты тейлөө уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Мында алгач БатМУнун ректору экономика илимдеринин доктору, профессор Гыязов Айдарбек Токторович мындай иш-чаралар окуу жайдын коомчулук менен байланышын ар тараптан өнүктүрүп, кызматташууга ыңгайлуу шарт түзөрүн жана БатМУдагы адистиктер тууралуу айтып, кызматташууга чакырды.

КРнын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын мэринин орун басары Мансурбек Маматисаев, Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова, Баткен областтык сотунун төрагасынын орун басары Алмазбек Апышев, Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башкы адиси Абдимиталип Маккамбаев, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү орчундуу ойлорун айтышып, катышуучуларды, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы менен жыйын өткөрүлдү. Анда келээрки окуу жылда негизги билим берүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында, иш берүүчүлөрдүн ой-пикирлери уктурулуп, сунуштары талкууланып, кабыл алынды.

Мындан сырткары БатМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы түзүлүп структурасынын мүчөлөрү шайланды.

“Бош орундар жарманкеси” БатМУнун Сапат жана карьера бөлүмү тарабынан уюштурулду.