2023-жылдын 12-майынан 19-майына чейин БатМУ КГПИде илим жумалыгы болуп өттү. Жумалык окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттеринин илимий изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мотивациялоо; кесиптик компетенциясынын калыптандыруу үчүн илимий изилдөөчүлүк көз караштарын кеңейтүү; аймактардагы билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө жана илимий потенциалын жогорулатууга салым кошуу; коомдогу актуалдуу маселелердин маани-маңызын ачууга багыттоо; илимдин учурдагы актуалдуу маселелеринин үстүндө изилдөө иштерин жүргүзүү максаттарында уюштурулду.

Алдын ала түзүлгөн планга ылайык пленардык жыйын; тегерек стол; студенттердин секциялык иштери; профессордук-окутуучулук курамдын секциялык иштери; студенттердин курстук жана квалификациялык иштеринин алдын ала коргоосу; иш берүүчүлөр менен жолугушуу; жумалыктын жыйынтыктоочу иш-чаралары өткөрүлдү. Жумалыктын алкагында жалпы 60 ка жакын студент илимий макала жазса, 30 га жакын окутуучу, илимпоз илимий баяндама окушту.

Жыйынтыктоочу иш чарада БатМУнун ардактуу профессору, физика-математика илимдеринин доктору Тайиров Миталип Муратович иш-чарага катышып, сөзгө чыкты. Ал сөзүндө алгач коомдук, саясий ишмер Апсамат Масалиев тууралуу баяндама жасады. Илим жолу, жумалыктын маани-маңызы жана жогорку кесиптик билим берүү тууралуу баалуу маалыматтар менен бөлүштү.

Жыйынтыктоочу иш-чарада секциялык иштердин модераторлорунун маалыматына ылайык, эң мыкты, өзгөчө илимий баяндамаларга токтолуп, мыкты деп табылган баяндамачыларга жана илимий жетекчилерине дипломдор тапшырылды.

Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Илим жумалыгынын ар бир иш-чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлүп, жумалык максатына толук жетти.