Бүгүн 26-май күнү БатМУ КГПИнин 25жылдыгына карата «Кош бол, студенттик алтын доор!» деген аталыштагы майрамдык салтанат болуп өттү. Иш-чара бүтүрүүчү курстарды кызыл килемде кечеге чакыруу менен башталды.

Майрамдык салтанатты КГПИнин директору, доцент Бердиев Асан Токсонович ачып, КГПИнин тарыхына токтолуп өттү жана бүтүрүүчүлөрдү куттуктады. Ал эми чакырылган коноктордон БатМУнун ректору, профессор А.Гыязов, Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри М.Айтматовдор куттуктоо сөзгө чыгышты. Андан соң, КГПИнин түптөөчүсү, ардактуу профессор М.М.Тайиров сөзгө чыкты.

Кечеге БатМУ КГПИни бүтүргөнүнө 20 жыл болгон юбилярлар да конок катары келишип, бүтүргөн окуу жайы тууралуу жылуу сөздөрүн, ыраазычылыгын айтып өтүштү.

Иш-чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Ал эми жыл бою кызматтык милдеттерин так аткарган, үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Ал эми жыл бою кызматтык милдеттерин так аткарган, үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.