В БатГУ МПК прошел конкурс Halloween
Турнир
Усиление материально-технической базы
Абитуриент 2022
previous arrow
next arrow
Slider

Директор многопрофильного колледжа БатГУ

Алишеров Азамат Тажибаевич

Тарыхы

  Баткен мамлекеттик университетинин ректору И.А.Абдурасуловичтин

№ _________буйругу, Г.Щ.Артыкбаевдин демилгеси менен 2006-жылдын 30-августунда “Экономика жана тарых” факультетинин базасында Баткен мамлекеттик  университетинин алдындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмү болуп түзүлгөн. Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине Үсөнов Муса Мурзапарович дайындалып, анын орун басарлыгына  Койбаков Абдыракман Абдикалилович, усулчу кызматына Бабаева Халичахан Сафаровна,китепканачы кызматына Арзыбаева Бактыгщл Таировна  дайындалып бирнчилерден болуп орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн алгач пайдубалы түптөлө баштаган.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын         7-августундагы № 487/1буйругунун негизинде БатМУнун алдындагы “Экономика жана укук” колледжи болуп түзүлгөн.

“Экономика жана укук” колледжинин директорлугуна кайра Үсөнов Муса Мурзапарович дайындалып, анын окуу иштери боюнча боюнчаорун басарлыгына Зарматова Гүлайым Абдуллаевна, тарбиялык иштер боюнчаорун басарлыгына  Койбаков Абдыракман Абдикалилович,  усулчу кызматына Бабаева Халичахан Сафаровна дайындалып, колледжде 2 кафедра түзүлөт.1 “Жалпы билимдер” кафедрасы, кафедра башчысына Зарматова Гүлайым , 2. “Атайын дициплиналар“ кафедрасы, кафедра башчылыгына Осмонов Заирбек Абдижапаровичтер жеткетеген.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2011-жылдын 21-январындагы

№ 40/1 буйругуна ылайык, Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.к. доцент Г.Ө.Матураимовдун2011-жылдын 12-майындагы № 66/0  буйругу менен БатМУнун алдында өзүнчө юридикалык жак болуп Баткен гуманитардык-экономикалык колледжи деген статус берилген. БатМУ БГЭКтин директорлугуна Үсөнов Муса Мурзапарович дайындалган.

Юридикалык дареги:  БатМУнун  Баткен гуманитардык-экономикалык колледжи.

Баткен шаары. МСО көчөсү д/ж тел.: 0362261152

Колледждин  түзүүчүлөрү болуп  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана Баткен мамлекеттик университети эсептелинет.

2011-2017- окуу жылдарындагы  окуу жай  даярдап келген адистиктер

Лицензия шифриАдистиктерЫйгарылуучу          даража
10601Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) (күндүзгү,сырттан)Бухгалтер
20603Финансы (тармактар боюнча) (күндүзгү,сырттан)Финансист
30604Банк иштериБанк иштериндеги адис
40614Жер–мүлк  мамилелериЭкономист
50201Укук таануу (күндүзгү,сырттан)Юрист
60303Чет тилиАнглис тили мугалими
70302Орус тили  (кщндщзгщ,сырттан)Орус тили жана адабияты мугалими
80302Башталгыч класстарда окутуу (кундузгу,сырттан)Башталгыч класстын мугалими

Баткен мамлекеттик университетинин ректору тех.и.доктору,профессор Зулпуев Абдивап Момуновичтин 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 03-20/160 буйругунун негизинде  БатМУнун Баткен гуманитардык-экономикалык колледжи, Баткен мамлекеттик университетинин көп тармактуу колледжи болуп түзүлүп окуу жайдын уставы БатМУ нун Окумуштуулар кеъешинде бекитилип,жаңы окуу жылына жаңы адистиктер ачылды. 2017-жылдын  21-декабрында Баткен облусунун юстиция башкармалыгынын каттосунан катталып өттү. Директорлукка Үсөнов Муса Мурзапарович кайрадан дайындалды. 2018-жылдын 17-сентябрындагы БатМУнун ректорунун № 03-03/111 буйругунун негизинде окуу жайга Аширов Алтынбек Абдашимович директор болуп дайындалып жетекчилик кылууда.Директордун окуу иштери боюнча орун басарлыгына Осмонов Заирбек Абдижапарович, Директордун мамлекеттик тил жана уюштуруу  тарбия  иштери боюнча орун басарына Садыков Мунарбек Закирбаевич, Тышкы байланыш жана кыргыз тилин өнүктүрүү бөлүмүнүн  башчысы, Дүйшөева Минавар Абдиманаповна,Китепканачы Арзыбаева Бактыгщл Таировна,Педагогика, экономика жана укук кафедрасына башчы Тупчилов Касымбек Тухтаевич дайындалып азыркы учурда иш алып барууда.

Быйылкы окуу жылында окуу жайда жалпы 24 мугалим эмгектенет. Алардын  баары жогорку билимдщщ, анын ичинен 2 мугалим Кыргыз Республикасынын “Билим берщщнщн мыктысы” төш белгисинин ээси. Эрматова Ажаркан Садыковна “Педагогика” мугалими, Кудайбердиева Гульниса Сайдиевна “Орус тили жана адабияты” мугалими үзүрлүү эмгектенүүдө. Окуу жай эки корпустан турат. Китеп фонду боюнча окуу жайдын китепканасында жалпы 5690 даана китеп фондусу бар. Андан сырткары студенттер щчщн окуу жайда 1 бокс залы,1 кичи футбол аянтчасы, 1 музей,1 интернет класс, 1 компьютердик класс, сабактан тышкаркы ийримдер, кружоктор  тщзщлщп иш алып барууда.

Негизги милдеттери

–  Тандалып алынган областта инсандын керектөөсүн канааттандыруу;

–   Адистердин жогорку маданиятын жана жарандык активдүүлүгүн өркүндөтүү;

–   Адистерди даярдоодо илимдин өнүгүүсүн эске алган жаңы усулдарды кийирүү;

Колледжде окуу процессин уюштуруу үчүн 2 окуу корпусу, 3 окуу залы, бир усулкана жана 3 спорттук залдар: бокс, волейбол, баскетбол; 3 спорттук: волейбол, кичи футбол, баскетбол аянтчалары, жана 2 ашкана,  бар. Мындан тышкары китепкана, студенттер үчүн окуу залы,  электрондук китепкана кызмат көрсөтөт.

Окуу жайдын окутуучулары милдеттүү түрдө окуу процессине окутуунун жаңы технологияларын киргизүү боюнча иш алып барышат. Билимин жогорулатуу максатында окутуунун инновациялык методдору боюнча түрдүү семинарлардан өтүшүп, тажрыйба алмашуу иштери жолго коюлган.