Баткен мамлекеттик университетинде 2020-2021-2022-окуу жылында төмөндөгүдөй илимий долбоорлор аткарылды жана аткарылып жатат, алар төмондөгүдөй каржылоонун эсебинен жүрүүдө.  Батккен мамлекеттик университетинин ички каржылоосу,  Билим берүү жана илим министрлигинин, Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин  ошондой эле “Энактас” фонду тарабылан каржыланып, илимий иштер аткарылууда.

Долбоордун аталышыЖетекчиси
 Башкы мекеме 
1 “Баткен өрүгүнүн кайра иштетүүнүн жана сактоонун заманбап технологияларын иштеп чыгуу”Момунова Г.А.
2“Айгүл-Тоо тарыхый маданий музей комплексии нин алдында Батукен тарыхый-этнографиялык бөлүмүн түзүү;Кадыров А.А.
3“Балдардын өсүп өрчүүсүндөгү биогенетикалык факторлордун таасиринин негизинде ата-энелерди окутуу”Саматова А.А.
 Жалпы: 3 
4СГЭИ
 Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин мамлекеттик тапшырмасын реализациялоонун алкагында “Чоң-Алтайдын “түрк-моңгол дүйнөсү”: биримдик жана ар түрдүүлүк”  (“Тюркский мир Большого Алтая”: единство и многообразие в истории и современности”) деген аталыштагы эл аралык илимий долбоордун алкагында РФнын Алтай мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын бир катар илимий мекемелери менен биргеликте 2021-жылдын 18-28-ноябрь күндөрүндө Кыргызстандын аймактарында “Большой Алтай: Россия-Кыргызстан, 2021” эл аралык этнографиялык экспедиция уюштуруп өткөрдү. Эл аралык этнографиялык экспедициянын негизги максаты: алтай-кыргыз этнографиялык параллелдерин жана Чоң Алтайдагы жана Борбордук Азиядагы түрк элдеринин этногенетикалык байланыштарын аныктооЭкспедициянын ишине Россиянын жана Кыргызстандын жетектөөчү окуумуштуулары жана илим изилдөөчүлөрү, ошондой эле, Баткен мамлекеттик университетинен Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун директорунун орун басары А.М.Абдиева, Кыргызстан менен Россиянын 12 жогорку окуу жайынан жана илимий мекемелеринен 20 этнографтар менен тарыхчылар Ысык-Көл, Нарын облустарындагы 10 дон ашуун айылдарда болуп, көчмөн кыргыз маданиятынын азыркы көрүнүштөрүн жазышып,  этнографиялык буюмдар менен оозеки материалдарды чогултушту, 2021-жылдын 30-сентябрь күнү “Чоң-Алтайдын “түрк-моңгол дүйнөсү”: биримдик жана ар түрдүүлүк” эл аралык илимий долбоордун алкагында РФнын Алтай  мамлекеттик университетинде бир канча мамлекеттердин окумуштууларынын катышуусунда алтаистика боюнча “Тюрко-монгольский мир Большого Алтая” деп аталган эл аралык экинчи форум өткөрүлүп, биринчи этнографиялык экспедициянын жыйынтыгын чыгарылды, 2021-жылдын 20-ноябрында Россия Федерациясындагы Алтай мамлекеттик университетинде экспедициядагы россиялык-кыргызстандык окумуштуулар тарабынан изилденген кыргыздардын каада-салтын, көчмөн маданиятын чагылдырган “Грани  кочевой культуры в XXI веке” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды.  Научная Россия” илимий-популярдуу электрондук журналына, “Вести Алтая” гезитине, “Алтайская правда” коомдук-саясий гезитине, “Поиск” гезитине, Казакстан Республикасынын Спутник Казакстан маалымат агенттигине, ж.б. бир катар массалык маалымат каражаттарына жарыяланды.    
 Жалпы: 1