Гуманитардык факультетинин миссиясы

Гуманитардык факультетинин миссиясы –  учурдагы ааламдашуу  жана маалымат технологияларынын өнүгүү шартында гуманитардык багыттагы адистерде учурдун талаптарына жооп берген,  дүйнөлүк  жана Кыргызстандын тарыхынын маданий-тарыхый өзгөчөлүктөрү тууралуу комплекстүү түшүнүктү калыптандыруу, тарыхый процесстин өзгөчөлүктөрү жана негизги мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө системалаштырылган билимге ээ кылуу жана өркүндөтүү, ошондой эле, билим берүүдөгү  дүйнөлүк алдынкы стандарттарды  терең өздөштүрүү аркылуу эл аралык  билим берүү мейкиндигине жуурулушуп, окутуунун  жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, улуттук артыкчылыктарды өнүктүрүү менен атаандаштыкка туруштук берүүгө татыктуу адистерди даярдоо; илимий мекемелер менен тыгыз кызматташып, гуманитардык, социалдык-экономикалык илимдердеги изилдөөлөрдүн  натыйжалуулугуна жетишүү жана илимге таянып, коомдун, өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу. Пайгамбарыбыздын осуяттарында да «адамдын сулуулугу анын тилинен билинет» деп айтылары маалым.

БИЗ «Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көркүн сөз ачат» демекчи адамды адам кылган, анын улуулугун арттырган болочок тилчи жана адабиятчы тарыхчы мугалимдерге багыт бергенибиз менен сыймыктана алабыз.

Гуманитардык факультетинин жетекчилиги билим берүү программасынын факультеттин миссиясындагы жана стратегиясындагы ордун так түшүнөт жана бул багыттагы иштери аныкталган. Өзүнүн миссиясын аткарууда  билим берүүнүн сапатын жогорулатуу саясаты атайын иштелип чыккан жана концепциясы бар. Анын натыйжасында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу саясаты дайыма талдоого алынып, анын жыйынтыктары билим берүү ишмердигинин андан ары сапаттуу жүрүшүн камсыз кылуучу каражат катары колдонулат. Бул саясат бакалавриат жана магистратура деңгээлдеринде ишке ашырылат, ошондой эле зарыл болгон учурда талдоого, кайрадан карап чыгууга болот.

 

ФАКУЛЬТЕТТИН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

550400 “Социалдык-экономикалык билим берүү” багыты “Тарых” профилиндеги  жана филологиялык билим берүү багытынын англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты профилиндеги “бакалавр”  академиялык баскычтарындагы адистерди даярдоо боюнча  так аныкталган  төмөндөгүдөй максаттары жана милдеттери бар:

1-максат:тилдер багытындажана тарыхый процесстердин өзгөчөлүктөрүнегизги мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү дүйнөтаанымын жана системалашкан билимдерин калыптандырат; маалыматтарды кабыл алуу, талдоо, жалпылоо жөндөмүн өнүктүрөт, ойлоо маданиятына жана аны өркүндөтүүнүн жолдоруна ээ кылат;

2-максат:Филологиялык багыттагы элдик мурастарга, тарыхый мурастарга жана маданий салттарга кылдат жана аяр мамиле жасоого, тарыхый процесстердин мыйзамченемдүүлүктөрүн жана анын кыймылдаткыч күчтөрүн түшүнүүгө, активдүү жарандык багытын түшүнүү компетенттерине ээ кылат.;

     3-максат:  эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере алган республиканын мектептеринде үч тилде – кыргыз жана орус, англис тилдеринде окуу процессин жүргүзүүгө жөндөмдүү жана мамлекеттик структураларда, коомдук уюмдарда ишмердикке эффективдүү катышууга багыт алган адистерди даярдайт.

      милдеттери:

  1. Студенттерди кесиптик адистиги боюнча жогорку билимге ээ кылуу менен бирге, билим берүү жараянындаинтеллектуалдык, маданий жана нравалык өнүгүшүндө инсандык сапаттарын калыптандыруу. Коомдун жогорку билимдүү, жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык адистерге болгон суроо-талабын канааттандыруу.
  2. Окутуунун формаларын жана усулдарын өркүндөтүү, инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу дүйнөлүк билим берүү системасына интеграциялаштыруу, окуу пландарын жана билим берүү программасын дүйнөлүк стандарттын талабына ылайыкташтыруу.
  3. Жогорку квалификациядагы илимий-педагогикалык адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, билим берүү мекемелеринин профессордук-окутуучулук курамынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу (алардын ичинде магистратура, аспирантура жана докторантура). Кызыкдар болгон мамлекеттик, ошондой эле жеке билим берүүчү мекемелердин жана борборлордун адистерин контрактык негизде даярдоо жана кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу.
  4. Билим берүүнүн, фундаменталдуу илимдердин, өндүрүштүн, социалдык, саясий мамилелердин, маданияттын жана тарбиялоонун маселелерине багытталган илимий (археологиялык, этнографиялык, архивдик-музейдик) изилдөө, илимий-усулдук, окуу-педагогикалык  практикаларды  уюштуруу.
  5. Коомдо элдер арасында педагогикалык, коомдук, тарыхый, экономикалык, гуманитардык, психологиялык, табигый-экологиялык жана башка билимдерди жайылтуу, алардын жалпы билимдүүлүгүн жана маданиятын көтөрүү.
  6. Факультеттин материалдык базасын өнүктүрүү, өркүндөтүү жана чыңдоо.
  7. Факультеттин уставдык милдеттерин жана максаттарын чечүүдө чет элдик билим берүү мекемелеринин каражаттарын жана башка юридикалык жактарды тартуу.
  8. Мыйзамга ылайык жогорку квалификациядагы адистерди факультетте иштөөгө башка жогорку окуу жайларынан жана чет өлкөлөрдөн чакыруу.
  9. Мамлекеттин кызыкчылыгы жана университеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша бюджеттик жана контрактык негизде филологиялык билим берүү багыты боюнча кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили профилдери жана 550400 “Социалдык-экономикалык билим берүү” багытында “Тарых” профилиндеги “бакалавр” баскычындагы адистерди даярдоо.
  10. Учурдагы коомдун, илимдин, техниканын, маданияттын жана перспективдүү өнүгүүнүн талаптарына ылайык адистерди даярдоонун сапатын дайыма өркүндөтүү.