Окуу бөлүмү.

Сыдыков Баястан Абдиламитович

ээлеген кызматы:

Окуу – усулдук бөлүмүнүн башчысы.

 

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН

КЫЗЫЛ-КЫЯ  ПЕДАГОГИКАЛЫК  ИНСТИТУТУНУН

ОКУУ-УСУЛДУК Бөлүмү

Институттун структурасын  педагогика факультети,  гуманитардык  факультети,  сырттан жана аралыктан окутуу бөлүмү , орто кесиптик билим берүү бөлүмү түзөт.

Окуу бөлүм башчысы

Сыдыков Байастан Абдимиталипович

Институтта адистерди даярдоо күндүзгү (4  жыл) жана сырткы (5 жыл) бөлүмдөрдө,   3 тилде лекциялык жана семинардык сабактар жүргүзүлүп келет.

Азыркы күндө институтта  2 факультет, 4 кафедра,   2 бөлүм, 3 кафедра үзүрлүү иштеп жатышат. Институтта иш кагаздарын жүргүзүү AVN информациялык системасынын негизинде жүргүзүлөт.

Бакалавриат боюнча окутуу төмөндөгү  факультеттерде жүргүзүлөт:

                   Педагогика факультети

Физика-математикалык билим берүү багыты (адистиги)

  • Физика профили
  • Математика профили
  • Информатика профили

Табигый-илимий билим берүү багыты (адистиги):

  • Биология профили
Педагогика багыты (адистиги):
  • Педагогика профили

                      Гуманитардык факультет

Филологиялык билим берүү багыты (адистиги)

  • Кыргыз тили жана адабияты профили
  • Орус тили жана адабияты профили
  • Англис тили профили

Гуманитардык илимдер багыты (адистиги):

  • Дене тарбия профили

       Кесиптик орто билим берүү бөлүмү

  • Башталгыч класстарды окутуу
  • Социалдык педагогика
  • Колдонмо информатика
  • Мектепке чейинки билим берүү

Илимий педагогикалык жамаат жана комокчу кызматкерлер жөнүндө маалымат

Институтта бүгүнкү күндө 98 окутуучу жана 39 жардамчы кызматкерлер, алардын ичинде: 2 илимдин доктору, профессору, 14 илимдин кандидаттары, доценттери,  18 улук окутуучу, 80 окутуучу, 23-АЧБ  үзүрлүү эмгектенүүдө.

 

 

Студенттердин контингенти

Кесиптик жогорку билим берүүдө бардыгы болуп  3007  студент билим алууда, анын ичинен: күндүзгү бөлүмдө  – 785, булардын ичинен 263 бюджеттик негизде, 522контрактык негизде, 1419 дистанттык негизде “Кесиптик орто билим берүү” бөлүмүндө 803 студент, анын ичинен 500 күндүзгү, ал эми 303 сырткы бөлүмдө билим алышат.

581 студент   – алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн атуулдары.

 

            Материалдык-техникалык базасы

Китеп фондусу 64 000 даана китептен турат. Мындан сырткары 2 абономенттик жана 132 орундуу 4 окуу  залы бар. Пушкин китепканасы грант негизинде утуп алынган 7000 АКШ долларлык 2310 нуска китептерден турат;

5 жабык спорт зал гимнастикалык, атлетикалык, тренажорный зал, волейбол, оор атлетика жана теннис залдары;

5 спорт аянтчасы жана футбол талаасы даярдалып, иш алып барылууда.

5 компьютердик класс  интернет тармагына туташтырылган.

                                  Илимий  иштер

Илимий-изилдөөлөрдүн тематикасы – Кыргызстандын  Түштүк-Батыш регионунун маселелери менен түздөн-түз байланышкан: региондун этнографиялык, этнопедагогикалык, тарыхый-аймак таануучулук маселелери, үрп-адаттары, фольклору,  флорасы, фаунасы изилденүүдө.

Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында 2000-2020 жылдар аралыгында институтта 2 докторлук, 30  кандидаттык диссертациялар корголгон.