Баткен мамлекеттик университети (мындан ары – БатМУ) студент-жаштарынын өзүн-өзү башкаруу структурасы – Жаштар комитети (мындан ары – комитет) болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү» жөнүндөгү указынын негизинде түзүлүп, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү», «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарына, БатМУнун уставына, тарбия концепциясына жана башка нормативдик укуктук актыларга, 2018-жыл чейинки Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясына жана ушул жобого таянып иш жүргүзөт. БатМУнун Жаштар комитети мамлекеттик жаштар саясатын өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруучу окуу жайдагы структуралык түзүм болуп эсептелет.

Комитет окуу жайдын 16 жаштан 28 жашка чейинки окутуучуларынын, аспиранттарынын жана студенттеринин курамында түзүлөт;

Комитет республикалык аткаруу жана жергиликтүү башкаруу органдары, коомдук жана өкмөттүк эмес жаштар уюмдары менен тыгыз байланышта иш алып барат.

Жаштар комитетинин негизги максаты жана милдеттери катары төмөндөгүлөр эсептелет:

  • КРнын «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамын аткаруу;
  •  КРнын мамлекеттик жаштар саясатын БатМУнун компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруу;
  •  Улуттук «Кыргызстан жаштары» программасын аткарууну камсыздоо;
  •   КРнын башка ЖОЖдору менен байланыштарды түзүү жана күчөтүү;
  •  Cтудент-жаштардын арасында фестиваль, форум, конкурс, илимий-практикалык конференция, семинар, тренинг, жолугушуу, лекция, маектешүү, дебат, дискуссия, маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды ырааттуу түрдө мезгил-мезгили менен уюштуруу ошондой эле регионалдык жана республикалык иш-чараларга активдүү катышуу;
  •  Жаш ишкерлердин долбоор-программаларын жана демилгелерин кубаттоо, жаштардын жумуш менен камсыз болуусуна жана студент-жаштардын укуктук, социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү, студенттик курулуш отряддарын уюштуруу;
  •  Жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн мамлекеттик, жеке жана коммерциялык ишкерлер ошондой эле эл аралык уюмдар менен биргеликте социалдык программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  • Окуу-тарбия иштерине көмөк көрсөтүү, студент-жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, жаштар арасында дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү;
  •   Мамлекеттин социалдык-экономикалык, маданий, демографиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жаштардын укугун коргоо, мыйзамдык кызыкчылыктарын камсыздоо;
  •  Жаштардын нравалык, интеллектуалдык, маданий-эстетикалык жактан өнүгүүсүнө жана бийик патриоттук сезимде тарбиялануусуна өбөлгө түзүү.

            Жаштар комитетинин төрайымы

Жаныбек к Упанай

Комитеттин дареги –  Баткен шаары,  И.Жусупова 11 Башкы мекеме 2-кабат 216 кабинет Email:        kunnazarovaibek345@gmail.com.  0505686161 0777686262    upanai1999@gmail.com 0774289242