«Педагогикалык билимберүү»

 кафедрасынын башчысы

жана доценти

Кашматова Жамиля Ашировна

 Резюме

      БатМУ КПИ нин Педагогика факультетинин

«Педагогикалык билим берүү» кафедрасы

       «Педагогикалык билим берүү» кафедрасы 2020-жылдын 5-февралындагы БатМУнун ректору т.и.д., профессор А.М. Зулпуевдин буйругуна ылайык «Педагогика жана дене тарбия» кафедрасынын эки кафедрага:  «Педагогикалык билим берүү» жана «Дене тарбиясы» кафедралары болуп бөлүнгөндүгүнө байланыштуу, аты өзгөртүлүп түзүлгөн.

       «Педагогикалык билим берүү» кафедрасы Кыргыз республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык «550700 – Педагогика багыты боюнча бакалавр академиялык даражасындагы студенттерди «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» адистиги боюнча даярдап чыгарат.

                          550700 – Педагогика багытынын  «Башталгыч билим        берүүнүн педагогикасы жана методикасы» профили боюнча адистерди даярдоонун    билим берүү жана тарбиялоо жаатындагы негизги билим берүү программасындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн максаты болуп: ааламдашуу доорунун шарттарында компетенттүүлүккѳ багытталган үзгүлтүксүз билим берүүнүн кесиптик милдеттерин чечүүгѳ жѳндѳмдүү педагогдорду даярдоо саналат.

       Аталган адистиктеги студенттерге окуу планында көрсөтүлгөн дисциплиналар боюнча билим берет, адаптациялык, кесиптик-базалык жана кесиптик-профилдик практикаларды уюштурат.    

       Азыркы учурда «Педагогикалык билим берүү» кафедрасында 20 профессордук-окутуучулук курам эмгектенет. Алардын ичинен илимдин кандидаттары жана доценттердин саны – 8; ага окутуучулардын саны – 5; окутуучулардын саны –7.

          «Педагогикалык билим берүү» кафедрасы «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» адистигинде окуган студенттер окуу планына ылайык окутуунун күндүзгү бөлүмүндө 4 жыл,  ал эми сырттан дистанттык технологияларды колдонуп окутуу  бөлүмүндө 5 жыл билим алгандан соң, бүтүрүү мамлекеттик аттестациялык экзамендерин жана квалификациялык иштерди коргоону уюштурат. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» адистиги боюнча квалификация ыйгарылат.