Сырттан жана аралыктан технологияларды колдонуу менен окутуу  бөлүмү жогорку квалификациядагы профессионал архитектор, дизайнер, экономист жана башка адистерди даярдоо максатында БатМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Абдивап Момунович Зулпуевдин буйругунун негизинде тузулгон.

(САТКО)  БатМУнун ректорунун  №01-01/35  буйругу менен  04 сентябрь 2016 жылы  сырттан жана аралыктан  окуган студенттер үчүн окуу процессин жүргүзүү максатында негизделген.  Азыркы күндө студенттердин жалпы саны  319 студентти түзөт. Бөлүмдөгү  кызматкерлердин саны – 3, анын ичинен башчысы – 1, жетектөөчү  адис – 1, методист – 1.

Бөлүмдүн  негизги максаты  жаны маалымат технологиялардын жана  сапаттуу билим берүүнүн негизинде  жогорку квалификациялуу  адистерди мамлекет жана регион  үчүн даярдоо болуп эсептелет.

Негизги максаттарды аткаруу үчүн  төмөнку  менчик болгон  материалдык  база  колдонулат: жалпы  окуу-лаборатордук кааналардын  аянты – 1504 кв.м, спорттук жабдуулардын аянты – 1777,4 кв.м,  китеп фонду (анын ичинде  окуу-методикалык) – 6656 даана, окуу процессинде пайдаланган компьютерлердин  жалпы  саны  –  22,  компьютердик класстардагы  орундардын саны – 11.

Бардык адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын   талаптарына  ылайыктуу көрсөтмө куралдар менен жабдылган окуу-лабораториялык  аудиториялары, адистиктерге тиешелүү  атайын кааналары  бар.

Азыркы учурда бөлумдө төмөнку  адистиктер боюнча  окуу  жүргүзүлөт:

– Экономика

– Финансы жана кредит

– Бухгалтердик эсеп жана аудит

– Курулуш

– Транспорттук процесстердин технологиясы

– Энергетика жана электротехника.

Сырттан-аралыктан окутуу бөлүмүндө  окуу процесси  сапаттуу профессордук-окутуучулук  курамы тарабынан жүргүзүлөт. Алардын  ичинде  2 профессор, 7 доцент, 12 ага окутуучу жана  3 окутуучу  эмгектенет. Сапаттык көрсөткүч ү 38% түзөт.

Бардык адистиктерге тиешелүү дисциплиналар  боюнча  окуу пландардын  жана мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде  окуу программалар  жана  силлабустар  түзүлгөн.

Бугунку кундо  Сырттан жана аралыктан технологияларды колдонуу менен окутуу  бөлүмүн экономика илимдеринин кандидаты Эрматова Асылбу Исиевна жетектеп келе жатат. Ал эми башкы адис кызматында – Маташева Гульсара Икрамовна, усулчу- Асанова Бурулай Абдиламитовна.

Курулуш, экономика жана башка тармактар үчүн дүйнѳлүк рынокто атаандаштыкка даяр болгон, стратегия жана чыгырмачылык менен ой жүгүртөт башкарууда эффективдүү чечимдерди кабыл алып, ѳзүнүн интелектуалдык жана илимий изилдѳѳчүлүк потенциалын дайыма жогорулатууга умтулган кадрларды даярдоо.

Факультеттин максаты – жогорку сапаттагы билим берүү, эмгек базарында атаандаштыкка даяр жана дүйнѳлүк стандартка ыйлайык, эффективдүү ишмердүүлүккѳ жѳндѳмдүү,  жогорку дэңгээлдеги адистерди даярдоо 

Факультеттин милдети – экономикалык жана инженердик багытта жогорку квалификациядагы бүтүрүүчүлѳрдү чыгаруу үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Жамааттын милдетифакультеттин окуу, илимий, коомдук, маданий  жана эл аралык ишмердүүлүгүн ѳнүктүрүү. Профессордук-окутуучулар жамааты үчүн ѳнүүгүүгѳ шарт түзүү, студенттердин илимий жана чыгармачыылык потенциалын ѳнүктүрүү.

Факультеттин стратегиялык ѳнүгүүсүнүн принциби – коомдун суроо талабына жооп берген сапаттуу билим берүү үчүн татыктуу программаларды ишке ашыруу.