БатМУнун Сүлүктү педагогикалык колледжинде кыргыз  тилинин 34 жылдыгы Сүлүктү  шаарынын 155 жылдыгына карата Кыргыз элинин көөнөргүс  салттарынын  бири болгон “Кыз-жигит”  сармерден оюну өткөрүлдү. Ага студент кыздар менен жигиттер  катышты.  Иш-чарага  шаардык мэриядан мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис Гулмайрам Эрназарова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Каныбек кызы Майрамкан, “Шахтер жолу”  гезитинин башкы редактору Рахманова Кенжегул Абдыкалыковна конокто болду.  “Кыз жигит” сармердендин көркүн эрке бала менен  шайыр жеңе ачты.

             Сармерден оюну атайын бекитилген жобого ылайык, жандуу үн ( нукура элдик ыр) обондуу ырлар ырдалып, бий бийлешип, макал- лакап, табышмак, жанылмачтар айтышып, көркөм окуу (өздүк чыгарма) окулуп өздөрүнүн таланттарын тартуулашты.

                 БатМУ СПКнын бүгүнкү күнкү иш- чарада биринчи бөлүгүндө сармерден болсо, экинчи бөлүгү “Сабаттуу бол” аталышында жалпы жамааттан ошондой эле студенттерден катасыз, сулуу жат жазуу алуу болду. Мында кыргыз тилчи окутуучулар студенттерден жат жазуу алса, Мадмусаева Турсунай эжеке жалпы окутуучулардан жат жазуу алды.

23- сентябрь күнү шаардык деңгээлде уюштурулган кыргыз тилинин 34 жылдыгы Сүлүктү шаарыбыздын 155 жылдыгына жалпы окутуучулар жамааты о.э студенттер жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүп келдик. 26 – сентябрь күнү Мадмусаева Турсунай эжекей  кыргыз тилине салымы чоң жазуучулар боюнча ачык сабак өттү. Бир айлык иш- чара жарыяланып иш -чаранын алкагында кыргыз тилинин 34 жылдыгына арналып бурч уюштурулду чоң залга.

            «Эне менен эл турганда, Эне тилим жоголбойт»-деген темада  Асанова С.Б. тарбиялык ачык сабак өттү. Уюштурулган тил майрамына жооптуу мамлекеттик тил бою  нча директордун орунбасары Аширова З.М

   «Чынгыз  Айтматовдун каармандары кыл калемде»- аттуу сүрөт конкурсун ИЗО окутуучусу М.К. Мухаматовна уюштурду . 16.10.2023

     Улуу инсан Исхак Раззаковдун туулган күнүнө карата студенттер доклад даярдап Р.Саттаров  уюштуруу иштерин аркалады. Устат окутуучу  А.О. Даниярович, «Жаш тарыхчы» ийриминин жетекчиси Б. Исаеванын уюштуруусунда студенттер менен Улуу инсан И. Раззаковдун туулган күнүнө карата, туулган жери Коросон айылында тургузулган  эстелигине барып куран окутуп, тазалоо иштерин алып барды. Ошондой эле студенттерге Раззаковдун балалыгы тууралуу маалымат берилди.       

БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн арасында Кыргыз Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата 2023-жылдын 26-октябрь күнү  «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» аттуу адабий кече өткөрүлдү. Сүлүктү педагогикалык колледжинин студенттери «Кыямат» романын ролдоштурду. Үч студентибиз мыкты аткаргандыгы үчүн залкар жазуучунун китептери менен сыйланды.        

Сүлүктү шаарынын 155 жылдыгына карата шаардык деңгээлде өткөрүлгөн көргөзмөгө Сүлүктү педагогикалык колледжи да жамааты менен толук катышышты. Көргөзмөгө кыргыздын илгертен колдонулуп келе жаткан буюмдары колдо жасалып коюлду. Жыйынтыгында эң жакшы жасалга деп табылды. Бул да болсо эмгек жмааттык ынтымакта эмгекнип, изилденгениде деп билемин. Учурдан пайдаланып, Сүлүктү шаар элин 155 жылдык маарекеси менен эмгек жамаатыбыз куттуктап кетебиз.