Кафедранын мамлекеттик тилде аталынышы  «Жалпы илимдер, техника жана курулуш» (ЖИТжК).

Кафедранын официлдуу тилде аталынышы  «Общенаучные дисциплины, техники и строительства» (ОНДТиС).

«Жалпы илимдер, техника жана курулуш» кафедрасы Ош технологиялык университетинин Кызыл-Кыядагы филиалынын (ККФ ОшТУ) директорунун буйругу  менен 1996- жылы август айында «Жалпы техникалык илимдер кафедрасы» аталышында негизделген. 2010 – жылы  «Табигый илимдер жана курулуш » деп аталышы өзгөртүлгон. 15-сентябрь 2011- жылы «Энергетика жана коммуникациялар» кафедрасы менен бириктирилип  «Табигый илимдер, энергетика жана курулуш кафедрасы» деп түзүлгөн. 2016-2017-окуу жылынын сентябрь айынан « Жалпы илимдер, техника жана курулуш» (ЖИТжК) кафедрасы болуп тузулгон.

Кафедра туптолушуно доцент, ф-м.и.к. Ф.М. Асамидиновдун эмгеги аяабагандай чон. Ал ошол кезде жаныдан кафедраны жетектеп, 1жыл ичинде 6 лабораториялык каана, 1 кийим тигуу цехин, лекция отулуучу кааналарды туптоп, азыркы кундо кафедранын материалдык-техникалык базасынын негизин тузот.

1996-2004 жылдары белгилуу профессор Давидбаев Б.Н., Ташполотов

И.Т., Садыков Э.С. эмгектенишип, студенттерге билим-тарбияларын беришкен. Аыркы кундо кафедрада т.и.д., профессор Зулпуев А.М., х.и.к., профессор Бердиев А.Б., доцент Асамидинов Ф.М. ж.б. окутуучулар адистиктерди даярдоодо талыкпай эмгектенишуудо.

Кафедранын материалдык –техникалык базасы тиешелуу жабдыктар менен камсыз болгон. Кафедрага №1- окуу корпусундагы 7 окуу каанасы жана 1 спорттук залы бекитилген, алардын ичинен 3 лаборатория, 2 компьютердик класс, 2 окуу каанасы, 1 кафедралык каана. Компьютер менен камсыздоо 4 студентке 1 компьютерди тузот. Ошондой эле  окуу аянты 1 студентке 4м2 тузот.

«ЖИТжК» кафедрасы төмөнкү адистиктерди даярдайт:

640200 «Электрэнергетикасы жана электр менен камсыздоо»

75 05 00 «Курулуш»,

75 01 00 «Архитектура».

570400   «Дизайн»

670300 «Транспорт процесстеренин технологиясы»

Кафедранын негизги максаты студенттерге тиешелүү адистиги боюнча терең билим берүү жана аалам таанууга ой жүгүртүүсүн өстүрүү, жогорку квалификациядагы адистерди даярдап чыгаруу болуп саналат.

Максатка жетуу учун томонку милдеттерди алдыга койот:

– кафедра окутуучуларынын негизги болугун илимий-даражалуу окутууучулар менен камсыз кылуу;

– окутуучуларды адистиги боюнча окуу предметтерди болуштуруу;

– жыл сайын окутуучуларды аттестациядан откоруу;

– билим беруудо жаны – маалымат технологияларын кенир колдонуу;

– окутуучуларды башка ЖОЖдорго стажировкаларга жонотууну уюштуруу;

– материалдык техникалык базаны чындоо;

– студенттерди билим алмашуу максатында башка ЖОЖ дорго жонотууну уюштуруу;

– ачык сабактарды уюштуруу;

– билим беруудогу паракорчулука жол бербоо;

– студенттердин практикасын сапаттуу уюштуруу;

-студенттердин илимге болгон кызыгуусун жаратуу;

Студенттер окуу жайдын 20 жылдык тарыхында өткөрүлгөн ар кандай коомдук пайдалуу иш-чараларга активдүү катышып келишет. Кафедрада тарбиялык иштерди жана уюштуруу иштерин алып баруу үчүн  окуу тайпаларынын кураторлору иш алып барышат. Студенттик өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүү – жогорку окуу жайлардагы окуу-тарбия жумуштарынын ажырагыс бөлүгү, мунун туура жолго коюлушу студенттик ишмердүүлүктү жогорулатат. Кураторлор жаштар комитети, анын лидерлери менен тыгыз байланышта маданий-массалык жана тарбиялык иш-чараларды өткөрүшөт.

Окуу жайыбыз ачылгандан бери, салтка айланган тарбиялык иштердин формалары калыптанган. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн, Билим күнүн, Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүн, Мугалимдер күнүн, жеңиш күнүн белгилөө, Жаңы жылды, Ноорузду тосуу, “Эж ИТ факультетинин мырзасы” жана ЭжИТ факультетинин  миси” конкурстарын өткөрүү, БатМУ ККТИнин спартакиадасына, ден-соолук күнүнө спорттук мелдештерди уюштуруу, Биринчи курска кабыл алуу, акыркы коңгуроо салтанаттары жана башкалар. Албетте, бул иш чаралардын баары таланттуу студенттерди табуу, алардын жөндөмдорун андан ары өнүктүрүп, чыгармачылык ишке шыктандыруу үчүн конкреттүү шарттарды түзүүгө жана жаштардын көңүлдүү эс алуусуна багытталган.

Факультеттин студенттери өздөрүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ар түрдүү эл аралык фондулар, программалар тарабынан уюшулган борборлордо, клубдарда, бирикмелерде да иш жүзүндө сынап көрүшүүдө.

Чыгармачыл педагогдор, белгилүү окумуштуулар, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, эмгек ардагерлери жана адис врачтар, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруп туруу – кадыресе салт. 9-майдагы Жеңиш күнүндө  Ата Мекендик улуу согуштун ардагерлери чакырылып, студенттерге кызыктуу маек куруп беришет.

Ар бир тайпанын дубал газеталары даталуу күндөргө карата чыгарылып турат.

Ар бир куратор жадыбал боюнча жумасына бир жолу куратордук сааттарды өтүшөт. Кураторлор кеңешинин отуруму айына бир жолу өткөрүлүп, протоколдор тиркелген жана кураторлор кеңеши менен үзүрлүү иш алып барылууда. «Инженердик технологиялар жана педагогика» факультетинде тарбиялык иштер боюнча иш план иштелип чыгып бекитилген. Бекитилген иш план боюнча тарбиялык иштер аткарылып келди.

23-сентябрь мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан бир айлык жарыяланып, факультеттерде жана институтта ар кыл тематикада иш-чаралар   откорулду. Факультетте кыз-жигит сармерден уюштурулуп, патриоттук темадагы ырлар, көркөм окуу, макал-лакап, табышмак, жанылмач, манас айтуу, кыргыз бийи боюнча кыз-жигиттер өнөрлөрүн тартуулашты. Калыс болуп Кызыл-Кыя шааынын мэри Э.А. Топчубаев жана институт окуучулары болушту. Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата дубал гезиттер чыгарылып илинди жана дилбаяндар жазылып, мыктылары кыз-жигит сармерденде көркөм окулду.

Кафедранын илимий багыты «курулуш материалдарын ондуруп чыгарууда энергияны жана ресурстарды уномдоочу технологияны жана тоо породаларынын туруктуулук назариятын иштеп чыгуу». 

Кафедра окутуучулары акыркы 3 жылда Scopus, РИНЦ системаларында индексация болгон жалпысынан 23 илимий макалаларды жана 3 монографияларын публикация кылышты. Ошондой эле, Т.И.Д., профессор А.М. Зулпуевдин курулуш тармагында 3 окуу колдонмосу жана х.и.к., профессор А.Б.Бердиевдин DELPHI тили жана объектке багытталган программа атуу 2 томдон турган окуу колдонмосу жарык корду.

Кафедра окутуучу М.Т. Насиров “Прочность и перемещение сборных железобетонных плит перекрытий многоэтажных зданий в условиях сложного загружения” аттуу темада илимий диссертациялык жумушун 2018-жылдын январь айында коргоосу кутулуп жатат.

Окутуучулардын ойлоп табуулары боюнча алынган патенттер: 

  1. Анапияев К.Т., “Резина аралашмасынын курамы” Кыргызпатент №1216, от 30.12.2009ж.
  2. Зулпиев С.М. “Дошполуу-турткулуу кошкуч” Кыргызпатент №116, от 29.10.2010ж
  3. Насиров М.Т., “Чубурма продукталар учун буктолмо куту” Кыргызпатент №117, от 30.11.2010-ж.
  4. Насиров М.Т., “Чубурма продукталар учун цилиндр сыяктуу тангак” Кыргызпатент №132, от 31.11.2011-ж.

Кафедрада жыл сайын студенттердин илимий иштерин жетектоо жургузулот. Студенттердин илимий-иштеринин темалары жетекчилери (кафедра окутуучулары) менен тандалып, кафедрада бекитилет. Ал тема устундо студенттер жыл бою изилденип, окуу жайлар аралык жана окуу жайдын конференцияларына катышышат. 2017-жылдын БатМУда откорулгон олимпиадага бардык группалардын студенттери активдуу катышышты. Олимпиаданын жыйынтыгы СТ-13 тайпасынын студенти Асанова Г. 1 орун, АР-13 тайпасынын студенти Кузибаева Г. 4-орун, Э-14 тайпасынын студенти Тумонва А. 1 орун, Э-14 тайпасынын студенти Кадырова Н. 1-орунду камсыз кылышты.

БатМУда откорулгон студенттик олимпиадада 1-жана 2- орунду ээлеген студенттерконтрактык суммадан 20% жана 15% ке бошотулушту.

ОшМСУда откоулгон регионалдык олимпиадада АР-13  группасынын студенти  Асанова Г.   философия предметинен 2-орунду алды. Асанова Г. БатМУда жана ОшМСУда откорулгон олимпиадаларда ийгиликтуу орундарга ээ болгондуктан 40% контрактык суммадан бошотулду.

Кыргыз тилинен Э-15 группасынын студенти Абдисамизадо М 20% контрактык суммадан бошотулду.ал эми студенттердин жетекчилери 2000 сом акчалай сыйлык алышты.