БатМУнун Окуу-маалымат департаменти университеттин негизги структуралык бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Департамент жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу процессин уюштуруу жана аны өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Департамент окутуунун бардык формалары боюнча окуу процессин пландаштыруу жана уюштуруу, окуу жана окуу-методикалык жумуштарынын укуктук-ченемдик документтерин иштеп чыгуу, окуу процессин баалоо, статистикалык анализ жана отчет, ж.б. маселелерин аткарат.

БатМУнун Окуу-маалымат департаменти бардык билим берүү программалары боюнча окуу пландарын жана жумушчу окуу пландарын даярдоо жана бекитүү, окуу процессинин графигин бекитүү боюнча жумушту алып барат. Департамент жогорку окуу жайды лицензиялоо, аттестациялоо жана аккредитациялоо, университетти жана адистиктерди рейтингдик баалоо боюнча документтерди даярдайт, профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүктөмүнүн пландаштырылышын жана аткарылышын көзөмөлдөйт.

Окуу-маалымат департаментинин негизги милдеттери:

  • Окутуунун бардык формалары боюнча окуу процессин пландаштыруу, уюштуруу жана көзөмөлдөө;
  • Студенттердин ар кандай практиканы өтүүсүн уюштуруу жана көзөмөлдөө;
  • Университетте окуу процесси боюнча отчеттуулуктун бардык түрлөрүн камсыздоо;
  • Факультеттердеги окутуу процессин уюштурууда инновациялык технологияларды, окутуунун активдүү жана интерактивдүү методдорун киргизүү, аны өркүндөтүү жана координациялоо
  • Университетти лицензиялоо жана аккредитациялоодо материалдар менен камсыз кылуу.

Департаменттин негизги максаты – университетте окутуу процессин өнүктүрүү, билим берүү программаларын модернизациялоо жана оптимизациялоо, университеттин окуу-түзумдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн жетектөө жана көзөмөлдөө.