Баткен мамлекеттик университетинин ЧАЗында 5-апрлель 2019-жылы Апрель курмандыктарын эскерүү зыйнаты болуп өттү. Ага жергиликтүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүү А. Мадымаров катышты. Аталган эскерүү кечесинин максаты келечекте дагы ушундай жаман ынкылаптарды болтурбоо, жаштарды ынтымактыка, мекенчилдике тарбиялоо жана мамлекеттин бир бүтүмдүгүн сактоо болуп саналат. Эскерүү кечесинде тарыхый урунтуу учурлар жөңүндө БатМУнун окуу иштери боюнча проректору Ш.Б. Шеров кеңири токтолуп, катышуучуларга окуя боюнча кеңири маалымат берди.