Ак жол сага бүтүрүүчү!!!

                  Урматтуу Баткен мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрү силерди Баткен мамлекеттик университетин сыймыктануу менен  ийгиликтүү  аяктап бир кесиптин ээси болушунар менен куттуктайбыз!

Баткен мамлекеттик университетинин турмушунда силердин басып өткөн жолунар, эстен кеткис студенттик күндөрүңөр албетте түбөлүкө эсте калат. Университеттин коомдук иш чаларына, окуу процессине активдүү катышып, көптөгөн ийгиликтерди багындырып татыктуу билим алып БатМУнун сыймыктуу бүтүрүчүлөрү силерсинер.

Силерге каалообуз  узун өмүр, чексиз бакыт таалай, келечекте мыкты адис болуу менен бирге Баткен жергесин өнүктүрүүгө өз салымыңарды кошкон мыкты адис болушуңарга тилектешбиз!

Силерди урматтап БатМУнун жалпы профессордук окутуучулар жамааты!