Баткен мамлекеттик университетинде жаны 2019-2020-окуу жылынын салтанаттуу ачылышы болуп, ага профессордук-окутуучулар курамы, кызматкерлер, студенттер катышты. Салтанатта БатМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор А.М Зулпуев, окуу иштери боюнча проректор Ш.Б Шеров, БатМУнун коп тармактуу колледжинин директору А.А Аширов , Табият таануу жана педагогика факультетинин деканы Г.У. Артыкбаев жана кесиптик кошундун төрайымы Л.С. Эшалиева, студенттик кошундун төрайымы Кубанычбек кызы Ж. сөз сүйлөшүп, жалпы жамаатты жана студенттерди “Билим күнү” менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтышты.