2019-жылдын 24-ноябрь күнү БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунда филологиялык жана педагогикалык билим берүү кафедрасы тарабынан күндүзгү бөлүмүнүн педагогика, англис тили, тарых даярдоо профилдеринин 4-курстарынын арасында кесиптик-базалык практиканын жыйынтыгын чыгаруу максатында “Мыкты практикант-2019” кароо сынагы болуп өттү. Кароо сынакка педагогика даярдоо профилинен Узакбай уулу Кайратбек, англис тили даярдоо профилинен Фазлидинова Зилола, Ажибаева Батма, тарых даярдоо прфилинен Каландарова Сарвиноз жана Камилова Гүлсанамдар катышты. Жобо боюнча конкурстун катышуучулары төмөндөгүдөй номинациялар боюнча таймашышты.

1.Катышуучулардын мугалимдин имиджин көрсөтүү үчүн сахнага чыгуусу. (мугалимдин кийинүү маданияты, чач жасалгасы, нормага ылайык келген бут кийимдин кийилиши, заманбап мугалимдин образын ачуу эске алынат).

2.Катышуучулардын өзүн-өзү тааныштыруусу (Визиттик карточка)-4 мүнөткө чейин. Саламдашуу эркин формада: оозеки, слайд, видео-тасма, сценка түрүндө берилсе болот. Саламдашууда мугалим кесиптик жүзүн, адистигин, педагогдук ишин, максатын, иштөө методикасын ачып көрсөтүүсү талапка ылайык).

3.Интеллектуалдык, кырдаалдык суроолор, – билет түрүндө суроо берилет. Убактысы 1 мүнөт. Ар бир суроо 5 упайды түзөт.

4.Портфолионун жыйынтыгы.

5. Бир сабактын фрагментин баяндап берүү.

“Мыкты практикант-2019” кароо сынагынын

женүүчүсү Узакбай уулу Кайратбек