Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде жайгашкан Табият таануу жана педагогика факультетинин деканын шайлоо иш чарасы болуп өттү. Шайлоого катышуу үчүн педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Айдарова Мисилимкан Довлатовнанын талапкерлиги эске алынып, атайын комиссия тарабынан жобого ылайык шайлоо өткөрүлдү. Иш чараны БатМУнун окуу иштери боюнча проректору Шеров Шайыр Бийжанович төрагалык кылды.Шайлоонун жүрүшүндө аталган факультеттин эмгек жамааты блютень аркылуу добуш беришти, жыйынтыгында 35 окутуучу макул деп добуш берсе, 2 окутуучу каршы добушун берип Мисилимкан Довлатовнаны Факультеттин декандыгына БатМУнун  ректору профессор, т.и.д Абдивап Момунович Зулпуев сөз сүйлөп иш ордуна дайындады. Буга чейин 2 жыл декандык иш ордуну аркалап келген Артыкбаев Гыламүдүн Үрүстөмовичке жалпы жамаатын атынан калоо-тилектер айтылып, жетишкен ийгиликтери белгиленди.