КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИ

ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Кыргыз билим берүү академиясы, “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду жана Талас мамлекеттик университети тарабынан 2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата өткөрүлө турган симпозиумдун алкагында

«САЛТТУУ БИЛИМ ЖАНА ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАР: БАЛАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ ЖАНА ТАРБИЯЛООДОГУ ЖАҢЫ МАМИЛЕЛЕР»

аттуу эл-аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырабыз

Конференция 2020-жылдын 18-апрель айында төмөнкү даректе болот: 724200, Кыргыз Республикасы, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 25,

Талас мамлекеттик университети (ТалМУ)

Конференциянын негизги багыттары:

1. «Манас» эпосундагы салттуу, түбөлүктүү тарбиялык каражаттар, алардын бүгүнкү күндөгү жаш муундарды мекенчилдикке, манасчылдыкка тарбиялоодогу ролу;

2. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы күрөшчүл адам проблемалары;

3. Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошкон ар кыл багыттагы тарыхый, археологиялык, табигый изилдөөлөр;

4. Кыргыз эл мугалимдеринин асыл педагогикалык мурастары жана учурдун тарбиялык маселелери;

5. Аймактардын социалдык-экономикалык потенциалы жана аны өнүктүрүүнүн келечектери;

6. Санариптештирүү процесси жана билим берүүдөгү өзгөрүүлөр;

7. Аймактарды экологиялык, био-гео-химиялык изилдөө аспектилери;

8. Баланы өнүктүрүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңы мамилелер.

МАКАЛАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ТАЛАПТАРЫ

Макалалардын тексттерин 2020-жылдын 20-март айынан кечиктирбей уюштуруу тобунун ilim.talsu2017@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.

I. Авторлор макала жайгашуучу багытты бериши керек. Конференциянын материалдарын “Известия ВУЗов Кыргызстана” журналына чыгаруу жагы каралууда. Макаланын көлөмү, анын ичинде, адабияттардын тизмесин, таблицаларды, схемалар менен сүрөттөрдүн түшүндүрмөсү менен макаланын башкы бетин (УДК; ар бир автордун аты-жөнү; макаланын аталышы), аннотация, негизги сөздөр менен макаланын темасын (сөзсүз кыргыз, орус жана англис тилдеринде болушу керек), негизги текстти кошкондо 8 басма беттен ашпоосу керек. Ар түрдүү графикалык объекттерди кошууга болот (сүрөттөр, графикалар, таблицалар). Текст Word программасынын версиялары менен басылып, электрондук жана кагаз түрүндө берилиши керек. Тексттин шрифти – Times New Roman. Кагаздын формасы – А4 (210Х297мм) шрифтин өлчөмү – 14 кегль. Сап арасы – 1,5. Барак жээктери: үстү – 25 мм, асты – 25 мм, сол жагы – 25мм, оң жагы – 25мм, кызыл сап – 10мм. Текст туурасына карата түздөлөт. Абзац-1см. УДК (универсалдуу ондук классификация) коюлат. Макалага рецензия сөзсүз болушу керек. Рецензия илимий жетекчиден алынбастан, тиешелүү илимдин багыты боюнча белгилүү адистерден алынышы зарыл. Рецензияга рецензент иштеген ишкананын мөөрү басылат. Макаланын беттери ирети менен коюлат. Адабияттардын тизмеси макаланын аягында берилип, тексттеги адабияттардын шилтемелери төрт чарчы кашанын ичинде көрсөтүлөт. Макаланын автору тууралуу кыскача маалымат көрсөтүлгөн үлгү боюнча тиркелет. Журналды басмадан чыгарууда “бир автор (авторлоштор) – эки макала” (бир журнал) эрежеси эске алынат.

II. Макаланын негизги жыйынтыгы менен предметин белгилеп көрсөтүүчү аннотация менен негизги сөздөрдүн кыргыз, орус, англис тилдериндеги котормосунун мазмуну, тактыгы жана сапаты коюлган талаптарга толук жооп берүүсү зарыл. Аннотация 100 сөздөн кем болбошу керек, негизги сөздөр 7-8 сөздөн кем болбошу керек.

Формулалар тиешелүү редактордо терилүүгө тийиш (математикалык жана химиялык формулалар үчүн). Таблицаларга темалары толук жазылат, бош графанын калышына жол берилбейт. Шарттуу кыскартуулар менен белгилерге түшүндүрмөсү берилет.

Иллюстративдик материалдар төмөнкү форматта берилет: фото сүрөт, сүрөттөр үчүн – tiff же jepg; графика, диаграмма, схемалар ж.б үчүн – exls, сdr. Сүрөттүн артына же алдына автордун фамилиясы, макаланын темасы жана сүрөттүн номери көрсөтүлөт. Иллюстрациялар текстке карай жайгаштырылышы мүмкүн, бирок алар өзүнчө файл түрүндө берилиши зарыл. Себеби калыпка салууда пайдаланылат.

III. Адабияттардын тизмеси макалада колдонулушу боюнча түзүлөт.

А) Китептер үчүн – автордун аты-жөнү, эмгектин толук аты, басылып чыккан жери жана жылы;

Б) Журналдагы макалаларга – автордун аты-жөнү, макаланын толук аты, басылып чыккан жылы жана журналдын аты (“Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана” жана “Известия ВУЗов Кыргызстана” журналдарында жарык көргөн макалаларга сөзсүз шилтеме жасоо);

В) Диссертациялар үчүн – автордун аты-жөнү, докторлук же кандидаттык дисертациянын толук аты, басылып чыккан жери жана жылы.