2020-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Абдиваситович Исаковдун жетекчилиги астында өткөн жогорку окуу жайлардын ректорлорунун онлайн конференциясынын негизинде берилген тапшырмалар, көтөрүлгөн маселер боюнча Баткен мамлекеттик университетинин  ректору профессор Абдивап Момунович Зулпуев  1-апрелде онлайн жыйынды БатМУнун жалпы структуралык окуу бөлүмдөрүнүн директорлору менен өткөрдү. Анда негизинен дистанттык окутуу маселеси каралып, кафедра башчылары окуу процессинин уюштурулушуна жүргүзүлүп жаткан көзөмөл боюнча маалымат беришти.

Баткен мамлекеттик университетинин билим берүү системасы гуманитардык жана так илимдерге негизделгендиктен сабактар көбүн эсе практикалык жаатта өткөрүлгөндүктөн Google Duo, Zoom us,  Hangouts, WhatsApps, Instagram, Telegram, программалары менен иштөө ыңгайлуу деген чечим кабыл алынган. Муну менен катар, БатМУнун офиссиялдуу сайтына www.batmu.kg  жайгашкан AVN билим берүү порталы аркылуу онлайн  сабактар өтүлүүдө, өзгөчө модуль тапшыруу учурунда студенттер ушул портал аркылуу тапшырууга милдеттүү жана ыңгайлуу болууда.  Кошумча суроолор, сунуш-талаптар batsu2009@rambler.ru  электрондук дареги аркылуу кабыл алынып, максатка ылайык жооптор берилип келүүдө.

Аталган программалар менен иштөө учурда жакшы натыйжасын берип, окуу процесси тиешелүү деңгээлде жүрүп жатат. Мындан ары биздин Университетте бүгүнкүдөй онлайн жыйналыш, онлайн кеңешме, онлайн ректорат тез тез өтүлө тургандыгын жарыяланды.