Бүгүн, 2020-жылдын 28-апрелинде Баткен мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өлкөдөгү шартка байланыштуу онлайн форматта өткөрүлдү.
Отурумга Окумуштуулар кеңешинин жалпы 25 мүчөсүнөн 20сы катышты. Отурумду Окумуштуулар кеңешинин төрагасы, ректор, техн.и.д., профессор А. Зулпуев алып барды.

На изображении может находиться: 4 человека
Күн тартибиндеги маселелер:
1. БатМУнун материалдык-техникалык базасы жана аны оптималдуу пайдалануу.
2. БатМУнун Кызыл-Кыя көп тармактуу институтунда жана Сүлүктү педагогикалык колледжинде жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларынын иш жүзүнө ашырылышы жана абалы.
3. Конкурстук шайлоо.
4. Түрдүү маселелер.
Күн тартибиндеги маселелер кызуу талкуулар менен коштолуп, негизинен толук каралды (3-маселе боюнча конкурстук шайлоого бир да арыз түшпөгөндүгүнө байланыштуу каралбады).
Бардык окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине дистанттык негизде окутуу процессинин жүрүшүн катуу көзөмөлгө алуу, AVN маалыматтык системасынын иштөөсүн көзөмөлдөө, 2-модулду өткөрүүгө даярдык көрүү, бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоого даярдоо, билим берүү программаларын аккредитациядан өтүүгө тийиштүү иштерди жүргүзүү, аткарылган иштер боюнча ректоратка такай маалымат берип туруу, дистанттык негизде өткөрүлгөн сабактарды БатМУнун YOUTUBE каналында уюшулган баракчасына жарыялап, студенттерге жеткирип туруу милдеттендирилди.
Профессордук-окутуучулар курамы үчүн эң кубанарлык жаңылык – БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүнүн профессордук-окутуучулар курамынын арасында “Эң мыкты дистанттык сабак” аттуу конкурсун өткөрүү старт алып, анын жеңүүчүлөрүнө төмөнкүдөй өлчөмдө сыйлык ыйгаруу бекитилди:
1-орунга – 25000 сом, 2-орунга – 20000 сом, 3-орунга – 15000 сом, 4-орунга – 10000 сом, 5-орунга (2 орун) – 5000 сомдон. ЧАМДАҢЫЗДАР!!!