Бүгүн 8-май күнү Баткен мамлекеттик университетинин ректору А.М. Зулпуев жалпы университеттин окутуучулар курамынын атынан Баткен шаарынын согуш ардагерлерин 9-май Жениш күнү менен куттуктап, аларга акчалай жардам көрсөттү.
 
БатМУнун ректорунун куттуктоо сөзү!

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ооруктун ардагерлери!

Сиздерди, Баткен мамлекеттик университетинин Профессордук-окутуучулар курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктап, Жеңиштин Туусу жергебизде түбөлүк желбирей берсин демекчимин.

Улуу Жеңиштин Туусу орногондон бери 75 жыл өтсө да ошол кандуу жылдардын каргашасы, азабы менен тозогу, кайгысы менен муңу, кырчын кезинде кыйылган өмүрлөрдүн элеси, орду толгус жоготуулар, көз жаш менен кубанычы бүгүн да көз алдыбыздан кетпей, биз менен кошо жашап келет.

Бирок, согуш алааматы канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 75 жылдан бери жергебизде желбиреп турган Жеңиштин Туусу бизди ар убак сыймыкка бөлөп, келечекке үмүттүү кароого шыктандырып тургандыгы талашсыз чындык.

Биз бүгүн ушул чындык менен жашап, ушул чындык үчүн күрөшүп келебиз.

Улуу Жеңиш майрамын белгилеп жатып, Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка аттанган мекендештерибиздин, анын ичинен баатырларча курман болгон жердештерибиздин ысымдары менен, алардын эрдиги менен сыймыктанбай койо албайбыз.

Тилекке каршы согуштан Жеңиш менен элине аман-эсен кайтышкан көпчулук ардагерлерибиздин көзү өтүп кетти, учурда Баткен облусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 13 ардагери жашап келүүдө, алардын ичинен бүгүнкү күндө Баткен шаарында жашап жаткан Рахматов Ашир ата 100 жашта жана Бурханов Садык ата 95 жаштагы аталарыбызды айтып өтсөк болот.

Бирок, Жеңиштин 75 жылдыгын биз менен кошо белгилей албай калган мекендештерибиздин ысымдары эч качан унутулбайт. Алар дайыма биз менен бирге, алардын ысымдары биздин катарыбызда түбөлүккө жашай бермекчи. Согуш талаасындагы эрдиктерине, баатырдыктарына башыбызды ийип, таазим этебиз.

Улуу муундун өлбөс-өчпөс эрдигин эч качан эстен чыгарбай, алардын жолун татыктуу уланталы. Ардактуу ардагерлерибизге камкордук көрүү менен, алардын татыктуу жашоосу үчүн бардык шарттарды түзүп берүү биздин негизги милдет экендигин эч качан унутпашыбыз керек.

Биз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урпактары катары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга тийишпиз.

Улуу Жеңишти алып келген эр жүрөк мекендештерибиздин баатырдыгы, алардын ташка баткан элестери, Ооруктун каармандарынын кайратман эмгеги турмушубуздун уңгулуу сабагы катары түбөлүккө жашай берет.

Алардын баскан жолу, түбөлүктүүлүк түн үрөнүн сепкен өрнөктүү өмүрү, эч качан унутулбайт.

Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго, Ооруктун каармандарына жана ардагерлерине түбөлүк таазим этебиз!

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ооруктун ардагерлери!

      Сиздерди, Баткен мамлекеттик университетинин Профессордук-окутуучулар курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан 9-май Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктап, Сиздирге ден-соолук, узун өмүр жана бактылуу карылыкты каалаймын.

Баткен мамлекеттик университетинин ректору,

техника илимдеринин доктору, профессор

 Абдивап Момунович Зулпуев