“Эң мыкты дистанттык сабак” конкурсу

Кыргыз КРнын Президентинин 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын иш жүзүнө ашырууга багытталган.

Баткен мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинде каралып, бекитилген № 3 протоколунун негизинде БатМУнун профессордук-окутуучулар курамынын арасында “Эң мыкты дистанттык сабак” конкурсу 2020-жылдын 26-27 май күндөрү онлайн тибинде лекциялар, практикалык- лабораториялык сабактар, семинардык сабактар ZOOM платформасын колдонуу менен  өткөрүлдү.

2020-жылдын 19-майында комиссия жана конкурсанттардын катышуусунда комиссиянын биринчи отуруму онлайн тибинде уюштурулуп жана сабактарды өтүүнүн графигин түзүү үчүн чучук кулак RANDOM программасы аркылуу жүргүзүлүп, графиги түзүлдү.

Конкурстун максаттары:

  • учурдагы мыкты педагогикалык тажрыйбаларды топтоо жана жайылтуу;
  • университеттин окутуучуларынын кесиптик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу;
  • студенттерди аралыктан окутуунун сапатын арттыруу;
  • бирдиктүү маалыматтык-усулдук билим берүү мейкиндигин түзүү.

Конкурстун милдеттери:

  • профессордук-окутуучулар курамынын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү;
  • профессордук-окутуучулар курманынын чыгармачылык жана кесиптик потенциалдарын активдештирүү;
  • cтуденттерди дистанттык окутуунун методикаларын түзүү, кеңейтүү жана жайылтуу.

Сыйлык фонду 80 000 ( сексен миң сом) түзүп;

Гран-при- 25000 сом;

1-орун-     20000 сом;

2- орун –   15000 сом;

3-орун –   10000 сом;

Кызыктыруучу сыйлык (2 орун) – 5000 сомдон.

“Эң мыкты дистанттык сабак” конкурсун жыйынтык чыгаруу максатында 2020-жылдын 30-майыела комиссиянын экинчи отурумунда жалпы комиссия тарабынан коюлган баллдарды эсебин чыгаруу менен төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылды:

Гран-при  жеңүүчү- Бекмурзаева Буажар Абдусаттаровна 480 балл

  • орунду ээлеген Исмайилова Айнура Кушбаковна 473 балл
  • орунга Даовлатова Феруза Муктаровна 463 балл
  • орунду Толубаев Жоро Осмонович камсыздап 457 балл

Кызыктыруучу орундарга: Эргешали кызы Актилек 428 балл жана Жакыпова Гүлзат Токторовна 399 балл  менен жеңүүчү деп табылды.

 Жалпысынан БатМУнун структуралык окуу бөлүмдөрүнөн  15 катышуучу катталып, баардык окутуучулар атайын жобого ылайык туура так, ийгиликтүү жана активдүү катышышты.

“Эң мыкты дистанттык сабак” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына БатМУнун ректораты жана ректору профессор Абдивап Момунович Зулпуев чоң ыраазычылыгын билдирет! Мындан ары дагы да БатМУнун илимий потенциалын жогорулатууга  ак дилден эмгектенип жаткан профессордук окутуучулар жамаатына ыраачылыгын билдирет!