Азыркы учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курчуп, элдин башына оор күн түшүп, коронавирус инфекциясы бардык аймактарга тездик менен жайылууда. Ушундай оор учурда Баткен облусунун аймагында кандай гана кырдаал жаралбасын калктын саламаттыгына кам көрүү, саламаттыкты сактоо мекемелерине, анда иштеген медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү бардык жарандардын атуулдук парзы болуп эсептелет.
COVID – 19 инфекциясына чалдыккан жана пневмония – өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптарды медициналык жабдыктар менен камсыздоо максатында БатМУнун ректору Зулпуев Абдибап Момуновичтин демилгеси менен Баткен шаарынын ыктыярдуу жаштары тарабынан түзүлгөн Боорукердик штабынын эсебине кычкылтек концентраторун сатып алуу үчүн Баткен мамлекеттик университетинин атайын каражатынын эсебинен 500 $ акча каражаты которулду. Мындан сырткары БатМУнун эмгек жамааты да акчалай жардам берүү боюнча жумуштарды уюштуруп жатат.
Оор күндөрдөгү ыкчам аракети үчүн Баткен мамлекеттик университетинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз! Жергебизде тынчтык, токчулук, молчулук болуп, элибиз аман болсун, эл ичинде бардыгыңыздар бар болуңуздар!!!

Нет описания фото.