Бүгүн 2020-жылдын 30-сентябрында Баткен мамлекеттик университетинде 2020 жыл-“Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” жана БатМУнун 20 жылдык мааракесине арналган   И.Раззаковдун 110 жылдыгына карата конференцияны БатМУнун ректору, тех.и.д., профессору Зулпуев ачып берди. Конференциянын ардактуу коноктору И.Арабаев атындагы КМУнин профессору, т.и.к. Самиева Жамбилия Дармановна, С.Нааматов атындагы НМУнин ректору, п.и.д., профессору Сияев Таштанбек Моңолдорович, ТМУнин ректору, а-ч.и.к., доценти Упенов Айбек Шерипбекович,  А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык педагогикалык иниституттун ректору, п.и.к., доценти Зулуев Бекмурза Бекболотович куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Конференцияда төмөнкү докладдар окулуп такууланды:

Мадаминов Гапыр Мустапакулович- КР Эмгек сиңирген мугалими, п.и.к: «Раззаков таануу сабагынын программасы. Аны өтүүнүн жолдору жана методдору», Токтогулова Гүлжамал Тыныбековна- Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ф.и.к., доцент “И.Раззаковдун коомдук ишмердүүлүгүнүн философиялык анализи”, Эралиев Ысмайыл Сарыбаевич – САИнин ага окутуучусу, КР Эмгек сиңирген мугалими: «И.Раззаков-Эл достугунун көпүрөсү», Бердиев Асан Токсонович КПИ КОБББ башчысы, т.и.к., доцент

“И.Раззаков- Кыргыз ССРнин көрүнүктүү, тунгуч жергиликтүү мамлекеттик ишмери”.

Конференциядагы докладдар угулуп жана талкууланып резалюция кабыл алынды.