Урматтуу студенттер сиздерди 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү менен кызуу куттуктайбыз!!!
Күүгүмү жок, аппак сулуу таңдардай,
Күлкүгө бай, сүйүүгө бай, шаңга бай.
Көңүл кушун көкөлөткөн обого,
Кандай сонун студенттик күндөр ай.

Урматтуу Баткен мамлекеттик университетинин студенттери! Студенттик кез бул өмүрдүн жазы, иштесең ишке, ырдасаң ырга тойбогон керемет учур! Андыктан студент жаштар жалпыңыздарды бүгүнкү 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү менен чын дилибизден куттуктап, өзүңөргө бекем ден соолук, окууңарга ийгилик каалайбыз!
Сиздерди терең урматтоо менен БатМУнун профессордук окутуучулар жамааты!