Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Сиздерге 2021-2022-жылдарга “Жаш лидерлер” стипендиялык программасы боюнча кабыл алуу башталганын жарыялайт. (Young Leaders Program)

Программа Азия жана башка мамлекеттердин турмушунда активдүүлүгүн көрсөтүүнү каалаган жаш перспективдүү адистерге багытталган. Бул программа Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эмгектенген кызматкерлерге Япониянын университеттеринен “Өкмөттүк мектеп” (School of Goverment) багыты боюнча магистр даражасын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Программага катышууну каалаган талапкерлер төмөндөгү критерийлерге туура келүүсү шарт: англис тилин эркин билүүсү (деңгээл TOEFL IBT артыкчылыктуу 79, IELTS 6.0) 40 жашка чейин, жогорку билимдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 2021- жылдын 1-октябрына карата кеминде 3 жыл (5 жыл же андан көбүрөөк болсо артычылыктуу).