Баткен мамлекеттик университетинин Уставынын 3-бөлүмүнүн 1-бөлүгүндөгү жана 7-бөлүмүнүн 3-бөлүгүндөгү 8-бөлүмчөсүнө ылайык Университеттин проректорлорунун түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

  1. Окуу иштери боюнча проректору-Окуу иштери боюнча проректору:
  2. Илим, уюштуруу жана тарбиялык иштер боюнча проректору-Илим, уюштуруу жана мамлекеттик тил боюнча проректору;
  3. Эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору-Тышкы  байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору;
  4. Мамлекеттик тил жана маалымат ресурстары боюнча проректору-Инвестиция жана санариптештирүү боюнча проректору;
  5. Экономика жана финансы боюнча проректору-Экономика жана финансы боюнча проректору болуп өзгөртүүлөр киргизилди.

БатМУнун ректору профессор, Гыязов Айдарбек Токторович сөз сүйлөп, алдында көптөгөн аткарыла турган иштер турганын белгилеп, аны ийгиликтүү ишке ашырууга жана адилет таза иштеп университетти өлкөнүн алдынкы окуу жайларына айланышына тилектеш экенин белгиледи.

Аталган жаңы проректорлук иш ордуна төмөнкү адистер дайындалды:

Мурзаева Айнагуль Кадыровна 2021-жылдын 16-февралынан Баткен мамлекеттик университетинин Инвестиция жана санариптештирүү боюнча проректору кызматына дайындалды.

Миралы кызы Анара 2021-жылдын 16-февралынан Баткен мамлекеттик университетинин Илим уюштуруу жана мамлекеттик тил боюнча проректору кызматына дайындалды.

Артыкбаев Гыламидин Үрүстөмович 2021-жылдын 16-февралынан Баткен мамлекеттик университетинин Тышкы  байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору кызматына дайындалды.

Үсөнов Муса Мурзапарович 2021-жылдын 16-февралынан Баткен мамлекеттик университетинин Экономика жана финансы боюнча проректору кызматына дайындалды.