БатМУнун ректору проф. Айдарбек Гыязов 2021-жылдын 25-март күнү КРнын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Айдарбек Гыязовду жаңы кызматка киришүүсү менен куттуктап, Түркияга келген иш сапарын кубаттады. Ошондой эле Түркиядагы ЖОЖдор менен эки тараптуу келишимдерди түзүп, ийгиликтүү иштөөгө колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.