БатМУнун ректор проф. Айдарбек Гыязов баштаган делегациянын кезектеги жолугушуусу Түркия Республикасынын Дин иштери башкармалыгынын (министрлигинин) башчысы орун басары Осман Тырашчы жана андан кийин Түркия Диянет фондунун башчысы менен болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Айдарбек Токторович тарабынан сунушталган БатМУнун базасында дин таануу (теология) факультетин жана “Ыйман” лицейин ачуу макулдашылды. Түркия Диянет Фонду БатМУ тарабынан “Ыйман” лицейине бөлүнүп берилген имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүп берүү жана дин таануу сабактарынан билим берген мугалимдердин айлык акысын төлөп берүүгө макулдук берди.

Ошондой эле Түркия Республикасынын Улуттук Билим берүү министрлигинин “Диний билим берүү башкармалыгы” менен болгон жолугушууда, министрлик “Ыйман” лицейиндеги окуу программасын түзүүгө жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн Түркияга келип билим алып кетүүсүнө толук шарт түзүп бермекчи болду.