БатМУнун ректору жана делегация мүчөлөрүнүн 26-март күнкү дагы бир жолугушуусу Түркия Республикасынын Чет өлкөдөгү түрктөр жана боордош элдер (YTB) башкармалыгынын башчысынын Түркия стипендиялары (Türkiye Bursları) боюнча орун басары Сейит Юсуф менен болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө БатМУнун окутуучусу Түркия Республикасынын ар кайсы бир Университетиндеги окутутуучу менен илимий изилдөө боюнча макулдашып, Түркияга келип илимий изилдөө жүргүзө турган болсо ушул мекеме айына 44000 (4000 түрк лирасы) сом стипендия төлөп берүүгө даяр экендигин белгиледи. Ошондой эле БатМУ борбордон эң узак жайгашкан университет болгондуктан, учурдан БатМУда иштеп жатып “Түркия Стипендиялары” (Türkiye Bursları) долбоору боюнча магистратура жана докторантура боюнча Түркияда келип билим алып кетүүсүнө шарт түзүп берүү боюнча макулдашылды.