28-май – Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун түзүлгөн күнү

Бул маанилүү күндүн урматына БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Гыязов жетектеген жамаат спорт залынын ачылыш салтанатына катышып, алдыңкы мугалимдерге акчалай сыйлык тапшырылды.БатМУнун бир канаты болгон институт мындан 24 жыл мурда түптөлгөн.

Эгер тарыхка кылчайсак, Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту 1997-жылы 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин окуу-консультациялык пункту катары уюшулган. 1998-жылы ОшМУнун Кызыл-Кыя филиалы болуп түзүлөт. 2 жылдан кийинОшМУнун Кызыл-Кыя филиалы Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы гуманитардык-педагогикалык институту катары өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган.

Заман талабына шайкеш билим берүү менен коомдо өз ордун тапкан институтта 3 миңден ашуун студент билим алып, алар негизинен 3 факультетте жана кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө билим алып жатышат.Ал эми аймакта билим сапатын жогорулатуу аркылуу талыкпай эмгектенип келаткан окутуучулардын саны 139, алардын арасында илимдин доктору, жыйырма бир илимдин кандидаты жана доценттер бар.