Баткен Мамлекеттик Университети менен Нижний Новгород Мамлекеттик Университети ортосунда “эки тараптуу диплом” жөнүндө келишим түзүлдү.

Эми “экономика” багыты боюнча жыл сайын 5 студент бул программа менен окуп, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дипломуна ээ болот.
Ошондой эле БатМУнун окутуучулары сентябрь айынан РФна тажрыйба алмашууга жонотулот. Экономика жана педагогика багытындагы студенттер сентябрь айынан 3 айга РФга барып окуп келишет. РФдан БатМУга сентябрь айынан келиши кутулуудо.

Окуу жай НГПУ ректору проф. В.В. Сдобняков БатМУнун ректорун окуу жайды жана шаардын тарыхый жайларын экскурсия кылдырды.
БатМУнун Ректору, профессор Гыязов Айдарбек Токторовичке жаштарга сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!