Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен мамлекеттик университетинде дагы бир саамалык жүзөгө ашты. 12 канаттуу боз үй тигилип, аталган жай окуу жайдын улуттук баалуулуктарын камтыган маданий борборго айланат. Ошондой эле кыргыздын салттуу музыкасы жаңырып турат. Ректор А.Гыязовдун демилгеси менен курулган боз үй 36 орунга ылайыкташкан. Эми кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы чагылдырылган үлгү сакталып, маданий иш чара, жолугушуулар өткөрүлүп турат.